www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилде дин ишмерлери чектен чыгып, ашынып баратат. Коомду бөлүп-жарган, бир бүтүн элди ачык эле кайраштырган, мамлекеттик саясатка батыл аралашып, сөөмөй көзөгөн көрүнүштөр көбөйдү. Өлкө жетекчилери көрсө көрмөксөн, билсе билмексен, укса укмаксан. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт.

Мына сүйлөгөн сөзү ар дайым чуу жараткан Чубак ажы: «Куранды ыргыткан адамды көрсөң сабыр кылып турбай, дароо эле муунтуп басып жыгылышың керек, карап турганыңдын өзү күнөө», - деп дин фанаттарын ачык эле радикалдык жолго багыттап жатат. Тиешелүү органдар мьндай экстремисттик көз карашы үчүн чара көрүш керек болчу. Тилекке каршы, баары төө кушчасынан башын кумга тыгып алышкан.

Андан кызыгы өткөндө муфтий Максат ажы Токтомушев 31-августта спикер Дастан Жумабековду, президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевди ээрчитип алып, спорттук-маданий иш-чарада бийликтин бир бутагынын жетекчисинен бетер куттуктоо айтып жүрсө, Чубак ажы түндүк-түштүк жолунун курулушу менен таанышып тескеп жүрөт. Качан эле молдо мамлекеттик курулуш иштери менен таанышып акыл айтып калды эле. Молдолордун маданий, экономикалык, саясий иштерге мурдун тыгып жатканы жакшы эмес.

Мындай темп менен кетсек эртең Сирия же Афганисган болчу күн алыс эмес. Эсибиз барда этегибизди жыйбайлыбы?

Булак: "Фабула"

Последние новости