www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда так ушул таптарда Эмил Кимсановдун видеотасмасы тарап, жыйынтыгында карапайым калктын башы маң болду да калды. Айрымдар Эмил Кимсановго боору ооруп, «ии бечера» дешсе, Кимсановду жакындан тааныгандар, «жазасын алышы керек» деген талаптарын социалдык тармактарга жазышууда. Бирок, кызыктар алдыда.

Билесизда, 2 жыл мурун саясатчы, кыргызга аттын кашкасындай таанымал генерал, Молдомуса Конгантиевдин баласын «уюшулган топ сабап кетишиптир» деген сөз тараган. Так ошол «жасалма баатыр» баарын баш катырып ойго салган, өзүн ак карга кылып көрсөткөн, маркум Улан Эгизбаев айткандай «кара башыңды жуткур» Эмил Кимсанов экендиги тар чөйрөдө айтылган. Эми окуянын чоо-жайын, чын бышыгын билүү үчүн кыргыз коомчулугуна сыйга татыган, «пагончондор» арасында кадыр-баркы бар Молдомуса Конгантиевди кепке тарттык.

--Саламатсызбы, Молдомуса мырза, социалдык тармактарда сиздин уулуңуз Автандил Конгантиевди атайын топ сабаган видеотасма тараган эле. Ошол тасмадагы болгон окуя тууралуу маалымат бере аласызбы?

--Саламатчылык, ооба бул тууралуу маалыматым бар. Ал окуя, менин балам тойдон ресторандан чыгып бара жатканда артынан Эмил Кимсанов деген кесиптеши токтотуп, сыртта турган жан сакчысы Төлөгөн Рахманберди уулун жана бир топ балдары менен эч кандай себеби жок уулумду ур-токмокко алышкан. Натыйжада уулумдун бет-сөөгү жана төрт кабыргасы сынып, ооруканага оор абалда түшкөн.

--Окуя болгондон кийин, тийиштүү органдарга кайрылдыңыз беле?

--Мен, окуянын чоо-жайын билгенден кийин Чүй облустук ИИБне арыз менен кайрылганмын. Арызым кабыл алынып, кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган. Окуя болгон түнү Эмил Кимсанов жана анын шериги Ош шаарынан качып кетишкени айтылган. Кызыгы окуя болгондон кийин, Эмил Кимсанов Ош шаардык ооруканага барып жатып алса, экинчиси өлкөдөн чыгып кеткен. Атайын оперативдик топ Бишкектен Ош шаарына Эмил Кимсановду кармап келүү үчүн барганда, Эмил ооруканада болгон. Тилекке каршы, Бишкектен барган атайын топту оорукананын дарыгерлери киргизбей коюшкан. Ал тургай атайын барган оперативдик топтун артынан Кимсановдун төрт-беш балдары жеңил автоунаада аларды көзөмөлдөп жүрүшкөн. Бул окуя 2018-жылы болгон.

--Эмне үчүн?

--Себеби, Эмил Кимсановду ооруканага жаткырган дарыгерлер, “анын абалы оор, кирип көргөнгө болбойт”, деп эч кимди жолотпой коюшкан. Тергөөчү Эмил Кимсановго “повестка” берип, Бишкекке чакырганда оорукананын “зав.отделениеси” жасалма ооруга диагноз коюп, справкасын жана Эмилдин атынан “мени Автандил Конгантиев, сабады”, деген арызын атайын жактоочу жалдап, ал аркылуу Бишкекке тергөөчүгө берип жиберген. Андан сырткары, өз алдынча эле соттук-медициналык экспертизадан, “оор жаракат алган” деген көрсөтмө жөнөткөн. Көрсө, Эмил Кимсанов дарыгерлерди, соттук-медициналык эксперттерди “коркутуп” багындырып алган экен. Ал тургай жергиликтүү укук коргоо органдарынын кызматкерлери Бишкектен барган атайын топко көмөк көрсөтө алган эмес. Эмил Кимсановдун учурда Ош шаарында туруктуу түзгөн кылмыштуу тобу бар экен. Алар менин баламдан сырткары, Ошто бир нече бейкүнөө жарандарга запкысын тийгизип, зөөкүрдүгүн көрсөтүп, тоногондору андан көп. Жабырлануучулар арыз жазганына карабай тийиштүү органдардан эч кандай аларга карата чара көрүлгөн эмес. Азыр социалдык тармакта байкуш болуп видеотасмада сүйлөгөн Эмил, мыйзамсыз өтө байыган, баарынын оозун акча менен жаап келген. Акыркы мезгилде мен тынчсызданып, ИИМге кайрылып, “Качан кылмышкерлер кармалып жазасын алат?” дегенде, Кылмыш иши Чүй ИИБнен, КР ИИМне өткөрүлүп берилип, кайрадан жандандырылып, тергөө амалдары жүрө баштаган. Кимсанов элдердин башын айлантып, чындыкка дал келбеген ар кандай нерселерди буга чейин эле ойлоп тапканга жөндөмдүү болгон. Ал кылмыш-жазадан кутулуу аракетинде “кимдир бирөөлөрдүн” колдоосу менен ар кандай шылтоолорду таап, өзүн байкуш көрсөтүп жатканы таң калычтуу. Менин айтаарым, уюшулган кылмыштуу топтун башында турган Эмил Кимсановдун тасмадагы сөздөрүнө, ошондой эле бейкүнөө адамдардын атын атап, жаманатты кылганына ишеничтин кажети жок, сөздөрү чындыкка дал келбейт. Райымбек Матраимову жок эле алгачкы жолу Эмилбек Кимсановдун атына жабырлануучу катары ИИМге мен арыз жазганмын.

--«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай 11-апрелде «Биздин иликтөөгө жооп катары жасалган Раимбек Матраимов жана анын өнөктөштөрүнүн жалган жалааларын жана коркутууларын сындайбыз. Мен Кыргызстандын бийлигин бул маселеге олуттуу карап, бардык күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга чакырам», - деп билдирди. Сиз сыртта карап турган саясатчы катары айтсаңыз, чын эле ушундай болуп жатабы?

--Ар бир мамлекеттин ичинде болуп жаткан ички саясатты бийлик өзү көзөмөлгө алат. Кандайдыр бир журналистке коркутуу-үркүтүү болуп жатса Америкага караганда андай сөздөр бизге тез эле жетмек. Эң кызыгы, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай, Эмил Кимсановду кыргызстандыктарга караганда дагы жакшы билет бекен…? Видеотасмадагы Кимсановдун сөзүнө ким, кандай акыл-эстүү адам ишенет!  Ал: - «Райымбек Матраимов, Али Токтакуновдун бүгүнкү күндөгү даректерин мага таап келесиңер, Прагадан, тирүүбү-өлүкпү, мага алып келесиңер»-деп, ушундай буйруктарды берген деп жатат. Кимсанов, эч кандай укук коргоо органда иштебесе, Токтакуновду таап келгидей ал, сумкага салып көтөрүп келген буюм беле. Райымбек Матраимовдун Кимсановдон башка ишенген кишиси жокпу? Кимсанов, чоң иш аткаргандай ким өзү? Эмил Кимсанов жоопкерчиликтен качып, болбогон жомоктору менен Райымбек Матраимовго жабыша берсем куткарып алат деген ойдо Кимсановго акыл үйрөткөндөр аз эмес. Кандай болгон күндө да анын жасаган кылмыш иштери баары ачыкка чыгып жазасын алышы керек. Ал эми, Эмилдин «шайкасы» Төлөгөн жана бул экөөнүн карамагында жүргөн дагы төрт-беш бала камакка алынып, мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек.

--Рахмат!

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости