www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Петербургда депутат-каратист таныш адамы менен коронавирус фобиясынан улам Макдоналдсда ызы-чуу көтөрүшкөн. Окуяда кассирдин бетине уруп салышып, ал жабыркаган. Москва проспектиндеги ресторанда болгон окуя тууралуу “Фонтанка” басылмасына шилетеме берип Рамблер жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, мушташты Находка шаарынын мурдагы депутаты Борис Вышегородцев менен анын танышы Роман Кухарь уюштурган. Ызы-чуу мекеменин кээ бир кызматкерлеринин медициналык бет каптары жана кол каптары жоктугунан улам башталган. 

Конфликт учурунда “Макдоналдсдын” 19 жаштагы кызматкери бетине муштум жеген. Жерине полиция кызматкерлери келип, депутат менен анын танышын бөлүмгө алып кетишкен.

СИЗОдо депутат ээнбаштык кылып, айнекти муштум менен уруп, Конституцияга жана укуктарына таянып, бошотууну талап кылган.  

Белгилүү болгондой, бүгүн эртең менен Вышегородцевди бошотушкан. Кыязы, ал майда бейбаштык боюнча протокол менен кутулуп кеткен жана Кухарга "ур-токмок" деген олуттуу берене коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости