www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунда 16 жашка толо элек кызды күйөөгө берген таенеси 3 жылга шарттуу эркинен ажыратылды. Өкүмдү Араван райондук соту 11-январда чыгарганын Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (никеге турууга мажбурлоо) менен айыпталган М.А.В. (өзгөртүлгөн ысымы — Гузал, жабырлануучунун таенеси) күнөөлүү деп табылды. Ал 3 жылга эркинен ажыратылып, жазасын аялдар абагында өтөөсү көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында 63-берененин негизинде белгиленген жаза шарттуу деп эсептелип, 1 жыл сынак мөөнөтү белгиленди. Сынак мөөнөттүн ичинде Гузал башка кылмыш жасабай, сот жүктөгөн милдеттерди аткарса өкүм аткарылбайт.

Аталган факты боюнча Араван РИИБ тарабынан 4 адамга — жабырлануучунун таенеси Гузал, күйөөсү Т.О. (өзгөртүлгөн ысымы — Хаятбек), кайненеси Т.Ф.Г. (өзгөртүлгөн ысымы — Ирода) жана нике кыйган молдо М.А.га (өзгөртүлгөн ысымы — Майрамбек) карата кылмыш иш козголгон.

Өспүрүм кыздын кайненеси 2017-жылдын 13-октябрында Араван райондук соту тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Ушул эле кодекстеги 63-берененин негизинде белгиленген жаза шарттуу деп эсептелип, 2 жыл сынак мөөнөтү белгиленди.

Ал эми, 1998-жылы туулган Хаятбектин жүргөн жери аныкталбагандыктан Араван РИИБдин тергөөчүсү тарабынан кылмыш иш өндүрүштөн бөлүнгөн.

Кийинки жоопкер — Майрамбекке карата козголгон кылмыш иш анын аракеттеринен кылмыштын курамы аныкталбагандыктан өндүрүштөн кыскартылган. Таенесинин соттук отурумда берген көрсөтмөсү боюнча, ал нике кыйып жатканда кыз 18 жашка толду деп алдашкан.

Ал эми, жабырлануучу никеге турганга чейин Хаятбек менен жыныстык катнашта болуп, боюна бүткөндө нике кыйылганын айткан. Көз жарган өспүрүм кыз учурда кайненеси менен жашап жатканын айтты.

Райондук соттун өкүмү күчүнө кирип, аткарууга жөнөтүлгөн. Тараптар тарабынан даттануу болгон эмес.

Булак: "turmush"

Последние новости