www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2017-жылы жашы жете электерге жыныстык запкы көрсөткөн 57 жаран камалган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2016-жылы балдарга каршы жасалган 400дөн көп кылмыш катталса, анын отуздан ашууну жыныстык мүнөздө болгон.
Балдарды коргоо лигасы Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып тизмектеген кылмыштардын саны 2017-жылы 600дөн ашкан.
- Ошол 600дөн ашуун кылмыштын ичинен 127си жыныстык зомбулук болгон. Бул абдан көп. Бул билинип калганы. Ал эми билинбегени, айтылбаганы канча?- дейт лиганын жетекчиси Назгүл Турдубекова.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүндө балдарды зордуктоого каршы чаралар жазылган. Бул оор кылмыштын катарына кирет жана 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланары көрсөтүлгөн.
Булак: "centralasian"