www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Леонардо да Винчинин атактуу “Мона Лиза” сүрөтүндө тартылган моделдин табышмактуу жылмаюусу анын сифилис дарты менен жабыркагандыгында болуп чыкты.

Бул тууралуу искусство таануучу Джонатан Джонс маалымдады.

Искусство таануучу “Мона Лиза” деп аталган портреттеги айым флоренциялык жибек сатуучу Франческо дель Джоконданын жубайы Лиза Герардини деп эсептейт. Чиркөө архивинде сакталган китепте ал аялдын жергиликтүү дарыканадан acqua di chiocciole сыяктуу дары алганы сакталып калган. Ал дары сифилис дартына каршы колдонулары белгилүү.  

1503-жылы да Винчинин Герардинини тартып жаткан тушта сифилис дарты өрчүп турган. Бул ооруну андан бир нече жыл мурун, 1492-жылы Америкага экспедицияга баргандар жуктуруп келген.  

2016-жылы апрель айында италиялык окумуштуу Сильвано Винчет картинада бир эле учурда аялдын, ошол эле кезде эркектин бейнеси тартылган деген пикирин алып чыккан. Лиза Герардинин кел бетинен сүрөтчүнүн көңүлдөшү болгон Салай деген ат менен таанымал Джан Джакосо Капроттидини тааныганын айтат.  

Картинанын толук аты – “Лиза Джоконда айымдын портрети” деп аталат. Леонардо да Винчи картинаны 1503-1505-жылдары тарткан.

Булак: "kundemi.kg"

Последние новости