www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖАМУда Спартакиада өтүп жатат

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы
арасында «Ден-соолук- 2018» аталышындагы спартакиада өтүп жатат. Спорттук мелдеш бир жума бою жүрүп, 13-январда жыйынтыкталат да, жеңүүчүлөрдүн аты аталат. Бул тууралуу ЖАМУнун ректораты билдирди.

Алынган маалыматка караганда, спорттук олимпиадага беш факультеттин, эки колледждин, университеттин админстрациясынын окутуучулары жана техникалык- тейлөө кызматкерлери катышууда. Ал эми таймашка 9 команда катышып, жалпы 360дан ашуун окутуучулар күч сынашууда. Спартакиадада спорттун алты түрү боюнча мелдеш жүрүүдө, алар - тенис, волейбол, футбол, аркан тартыш, тогуз коргоол жана шахмат оюндары.

Ошондой эле мелдештин жыйынтыгында алдыңкы үч орунга чыккан оюнчулар ЖАМУнун кубогу жана баалуу белектер менен сыйланышат. Университеттин спорт кафедрасынын башчысы Өзгөн Доороновдун айтымында, оюнда жеңген команда ушул жылдын июнь айында Ысык-Көл областында өтүүчү “Ден-соолук – 2018” республикалык спартакиадасына жолдомо алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости