www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык 25 жаран Россиянын Москва шаарындагы мончодо болгон окуяга байланыштуу административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу 13-майда Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул иш боюнча териштирүү уланып жатат жана Кыргызстан бул боюнча өз кайрылуусун жасады.
«Бул багытта элчилик иш алып барууда. Россиядагы элчи да ушул маселе боюнча адилеттүү чечим кабыл алууну өтүнөт», -деди ал.
Москванын полиция кызматкерлери 10-апрелде кыргызстандыктар отурган мончодо рейд жүргүзүп, жарандар кордолуп жатканы көрүнгөн видео тараган. Андан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Бодрость» мончо комплексинде кыргызстандыктардын массалык түрдө кармалышына байланыштуу Россия элчиси Сергей Вакуновго нота тапшырган.