www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын мемлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылган учурда «Манас» эл аралык аэропортунан эл аралык издөөдө жүргөн 1979-жылы туулган чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан Кытай Эл Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 151-беренеси (уруксат берилбеген товарлардын аткезчилиги) боюнча издөөдө жүргөн.
Шандунь провинциясынын полициясы жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн алкагында, санитардык-карантиндик тастыктамадан өтпөгөн эпидемиялык жактан начар региондордон тоңдурулган уй эттерин аткезчилик менен ташыган уюшкан кылмыштуу топтун катышуучусун аныктаган.
Кытай Эл Республикасынын бажы көзөмөлүнөн өтпөө үчүн жогорудагы кылмыштуу топ товарларды деңиз аркылуу мыйзамсыз жол менен чыгарып кетип жүрүшкөн. Кытайдын аймагында бул эттер Цзаочжуан шаарындагы фабрикага жеткирилип, ал жактан андан ары сатуу үчүн жасалма тастыктама менен таңгакталып турган.
Шектүүнү кармоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин биргеликте жүргүзүлгөн аракетинин, Интерполдун базасына багыттаманы өз убагында жайгаштыруунун, андан сырткары, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында мүмкүн болду.
Издөөдө жүргөн жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чара көрүү үчүн Сокулук РИИБге жеткирилди.