www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мончодон кеч чыккандыгы үчүн жубайын унаа менен сүзүп, сүйрөткөн жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ош шаардык соту аны бүгүн, 20-февралда үй камагына чыгарган. Жабырлануучу жолдошунун үй-бүлөдө жакшы ата экендигин, үй-бүлөсүн жүргүнчүлөрдү ташып баккандыгын айтып, айыпталуучуну үй камагына чыгарып берүүсүн суранган өтүнүч менен кайрылган.

Мындан тышкары, соттон судиялар шектүүнүн бөгөт коюу чарасын кароодо анын өздүгүн аныкталгандыгын, туруктуу жашаган жеринин бар болгондугун, жашы жетпеген үч баласынын бардыгынын жана үй-бүлөдө жалгыз багуучу экендигин эске алганын кабарлашты.

Эске салсак, окуя 17-февраль күнү кечинде орун алган. Жабырлануучунун айтымында, ал мончодо курбулары менен кармалып калган. Чыкса жолдошу кызганып унаа менен сүзүп, жыгылып калганда өтүп кетип, кайрылып келип колунан кармап, унаа менен кошо жүгүрткөн. Жубайы кулап калганда 4-5 метрге чейин унаа менен сүйрөп кеткен. Жабырлануучу 45, ал эми жолдошу 43 жашта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости