www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-февралда “АКИпресс” порталында "Садыр Жапаровду колдоо штабы" менен айып пул сактоочу жай коңшулаш жайгашкан жерде табышмактуу окуя тууралуу жазып чыккан. Бул окуяны Ысык-Көл ОИИБи милициясы четке кагып, "NazarNews" маалымат агенттигине төмөндөгүдөй маалыматын билдирди.
"2020-жылдын 20-февраль күнү “АКИпресс” порталында “Возле штаба по поддержке С. Жапарова произошла загадочная история” аттуу макала чыккан.
Бул факты 20.02.2020-жылы Түп РИИБге катталып, алгачкы топтолгон материалдар КЖБРге Кыргыз Республикасынын КЖКнин 139-беренесинде каралган кылмыш белгилери менен которулуп, сотко чейинки ѳндүрүш иши башталган.
Иликтѳѳнүн жыйынтыгында тѳмѳнкүлѳр аныкталган:
19.02.2020-жылы Түп айылы Манас кѳчѳсү № 24 даректе жайгашкан айып тѳлѳнүүчү жайда кароолчу, ошол эле мезгилде С.Жапаровтун штабынын координатору болгон Түп айылы С. А туулган күнүн белгилеп, ѳзүнүн жээни Т. М чакырат.
19.02.2020-жылы түнкү саат болжолу менен 00:00 чамасында М.Т жалгыз келбей жанына жакшы таанышы, Түп айылы 1974 ж.т. Б. Р эрчите келет. Жогоруда аталган айып пул тѳлѳнүүчү жайдын киреберишинде жайгашкан бѳлмѳдѳ, аталган адамдар спирт ичимдик ичип отурушуп, абдан кызып калышкан учурда, сѳздѳн-сѳз чыгып кетип М. Т (ѳзүнүн кѳрсѳтмѳсүнүн негизинде) Р. Б урша кетишкен. Ошол жерден А. С ортого түшүп турган учурда Р. Б кетип калат. Бир аз убакыт ѳтүп М. Т жанында турган А.С айтат “ мен Р. Б 4-жолу отвёртка менен сайып салдым, ал кайда? ” деп.
Болжолу менен түнкү саат 01:00 чамасында А. С менен М. Т сыртка чыгып Р. Б издешип, райондук ооруканага чейин барып издешип, ал жакка эч ким жарат алып кайрылбагандыгын аныкташып, дагы издеп жүрүп акыры таппай үйлѳрүнѳ тарап кетишет.
Ошол издеп жаткан учурда М.Т уюлдук телефон аркылуу баардык тааныштарына чалып “Мен Р. Б отвёртка менен сайып салдым” деп айта берет.
Эртеси күнү Р. Б окуя тууралуу сураган учурда, ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ “Мени эч ким отвёртка менен сайган эмес, эч кандай дене жаракатым жок деп денесин кѳрсѳтүп, М. Т менен айып пул тѳлѳнүүчү жайга барганым чын, бирок эмне болуп үйгѳ жеткеним эсимде жок, абдан кызып калыптырмын, М. Т менен урушканым деле эсимде жок, ага эч кандай доо келтирбейм, экспертизадан ѳтүүдѳн жана арыз жазуудан баш тартам, анын эч кандай кажети жок, деп билдирген.
Күбѳ катары суралган А. С ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ, мен туулган күнүмдү белгилеп М. Т чакырсам, ал жанына Р. Бэрчитип келиптир. Биз арак ичип отурган экѳѳ уруша кетишти, мен ортого түшүп экѳѳнү ажыраткам, бирок М. Т анын менен чогу келген Р. Б отвёртка менен сайганын байкабай калыптырмын, аны ырастай албайм, экѳѳ тең абдан кызуу болуп калышкан. Отвёртка менен сайдым деп М. Т айтканынан билем жана биз Р. Б издеп жүргѳндѳ, уюлдук телефону аркылуу ар кимге чалып эле “мен Рыскелдини сайып салыптырмын издеп таппай жатам” деп айтып жатканын ырастайм, бирок биз Р.Б таппай үйлѳрүбүзгѳ кетип калганбыз деп билдирген.
Күбѳ катары суралган М. Т окуя тууралу ѳз түшүнүгүндѳ, мен абдан кызып калыптырмын, спирт ичимдик ичип отуруп Р. Б менен эмнеге урушуп кеткенибиз деле эсимде жок, ачууга алдырып столдун үстүндѳ жаткан отвёртка менен Р. Б сокконум эсимде, ошондуктан ал отурган жеринде жок болуп калганын кѳрүп “Мен эмнеге Р. Б менен урша кетип, аны отвёртка менен урганым жакшы эсимде деле жок, бирок аны таппай калып, ѳзүмчѳ жаман ойлоп кетип, мастыгыман ар кимге телефон чалып Р. Б сайып салдым таппай жатам деп айта бериптирмин, деп билдирген.
Азыркы учурда Р. Б кѳрсѳтмѳсүнүн негизинде аны эч ким сайбаганы жана ал эч кандай дене жаракат албаганы аныкталды, ошону менен бирге ал арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан ѳтүүдѳн баш тартканы аныкталды.
Окуяны ар тараптуу, толук жана объективдүү толук текшерип чыгып, топтолгон материал боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.", - деп билдирди Ысык-Көл ОИИБи .
Булак: NazarNews.kg