www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын билдирүүсүнө карабастан TUZ.KG басылмасы Кыргызстандын туңгуч президентинин жубайы Майрам Акаева өлкөгө учуп келгени тууралуу редакциянын так маалыматы бар экенин жазып чыкты.

Алардын маалыматы боюнча, биринчи президенттин кызы Бермет Акаева дагы келген. Ошондой эле, туңгуч президенттин үй-бүлө мүчөлөрү үй-бүлөлүк иш чарага келишкени маалым.

Чек ара кызматы Майрам Акаева Кыргызстанга келди деген маалыматты шашылып жокко чыгарганына редакция таң калуу менен карап жатканын жазды.

“Майрам Дүйшеевнага карата эч кандай күнөөлөр коюлган эмес, ага кылмыш иши да козголгон эмес, ал кызы Бермет Акаевадай эле Кыргызстанга учуп келип, учуп кете берсе болот. Кызы Бишкекке байма-бай келип турат”,-деп айтылат басылманын маалыматында.

Мындан тышкары, башка ушул сыяктуу учурларда Чек ара кызматы бул же тигил адам чек арадан өттү беле деген суроого, салттуу түрдө ЖМКларга мындай маалымат берилбейт деп жооп берет.

“А эмне үчүн Майрам Акаеванын Бишкекке келишинен коркушту? Ал кимге же эмнеге тоскоол боло алат?”-дейт басылма.

Белгилей кетсек, 12-февралда туңгуч президенттин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга келди деген маалымат тараган. Чек ара кызматы бул маалыматты четке каккан. 

Эске сала кетсек, февраль айынын башында Акаевдин үй-бүлөөсү жоготууларга учураган. Биринчи Аскар Акаевдин агасынын баласы жана өзүнүн баласы Айдар Акаев көз жумган. Агасынын баласы Кеминде, ал эми өзүнүн баласы Москвада жерге берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости