www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңеште "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – депутат Исхак Пирматов.
Депутат Исхак Пирматов “сырткы мигрант” деген терминди киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында бул механизмди жөнгө салып, иштегенге келгендерди патент алдырыш керек. Патенттин баасы да бирдиктүү болушу керек. Азыр патенттин суммасы 500 сомдон 10 миңге чейин турат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 150 миң мигрант Кыргызстанга ар кайсы өлкөлөрдөн келгендиги айтылды.
2015-жылдан 2020-жылга чейин 833 киши мыйзамдуу түрдө патент алып иштешкен. Квота боюнча чектөө жок, былтыркы жылы 17 410 болсо, быйыл 800гө азайган. Патент алууга мекеме азырынча Бишкектен сырткары Ошто гана бар.
Эмгек мигранттарынын жасаган иштерине карабай баары бирдей баадагы патент алышат.
Коңшу өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстандын аймагында 60 күн визасыз жүрө алгандыктан, алар өлкөдөгү талаа жумуштары, тигүү, курулуш тармактарында, чакан ишканаларда иштейт, бирок мамлекетке бир тыйын да төлөшпөйт, ошондон улам коррупциялык жагдайлар жаралууда. «Азыркы учурда бюджетке түшчү акчалар, башка бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жатат», - деди баяндачы.
«Коңшу өлкөлөрдүн жарандары үчүн патент системасын ишке киргизсе туура болот. Мындай шартта мигранттын миграция кызматына ай сайын 500 сом патенттик акча төгүп, мыйзамдуу иштөөсүнө жол ачылат. Мамлекет алардын укуктарын коргоп, коопсуздугун камсыз кылат” – деп, Исхак Пирматов жергиликтүү бюджеттер дагы жылына болжол менен 700 млн сомго чейин киреше ала турганын кошумчалады.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Айдай Карагулова мыйзам долбоорун колдой турганын, аны ишке ашырып, кошумча каржы булактарын табууга толук мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирди. Депутат Махабат Мавлянова патенттик төлөмдүн өлчөмүн 500 сом деңгээлинде эмес, жок дегенде 1000 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Демилгечи мындай сунушту эске алууга убада берди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагына коңшу өлкөлөрдөн күнүмдүк жумуштарда иштөө үчүн жылына 314 миң адам келет. Алардын басымдуу бөлүгү талаа жумуштарында эмгектенет. Эгерде чек ара мигранттары патент албай иштесе, мыйзамга ылайык, 5-категориядагы айыппул (10 миң сом) төлөөгө тийиш.
Булак: NazarNews.kg