www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык сотунда мончодо курбулары менен кармалып калып, жолдошу тарабынан зомбулукка кабылган аялдын окуясы каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылды. 

Айыпталуучу Акрам (аты өзгөртүлдү, Ж.А.А.) Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) 1-бөлүгү менен айыпталган. Ал 1972 жылы Кара-Суу районунда туулган, 5 баланын атасы. Убактылуу иштебейт жана мурда соттолгон эмес.

Тергөө кызматынын маалыматына караганда, Акрам ушул жылдын 16-февралында кечки саат 19:00 чамасында Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында өзүнүн 1975-жылы туулган жубайы Жанаранын (аты өзгөртүлдү, Ж.Б.А.) артынан аңдып, жубайынын бейтааныш унаадан түшкөнүн көрүп калып, караөзгөйлүк менен аялынын колунан кармап, унаасы менен бир нече аралыкка сүйрөп кеткен. Анын кесепетинен Жанара жеңил жаракат алганы соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен аныкталган.

Айыпталуучу Акрам сот отурумунда күнөөсүн мойнуна алды. Анын айтымында, 16-февраль күнү саат 10:00 чамасында үйүнө келген учурда жубайы үйдө жок болгон. Ал Жапалак айыл аймагына караштуу Аттокуров көчөсүндө өзүнүн унаасында аялын күтүп турган. Болжол менен саат 19:00 чамасында жубайынын бейтааныш унаадан түшкөнүн көрүп, андан кайда жүргөнүн сураган. Жубайынын жалган сүйлөгөнүнө жини келип, жубайына унаага отурууну талап кылган. Бирок Жанара каршылык көрсөтүп, басып кеткен. Ошол учурда Акрам унаасын аркасынан айдап барып, ачык терезесинен аялынын колундагы баштыкты кармап, унаасын айдап кеткен. Айыпталуучу учурда аялы менен жарашып алганын айтып, соттон кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартып берүүнү суранды.

Ал эми жабырлануучу Жанара сот отурумунда 16-февраль күнү Геологдор шаарчасындагы мончого курбулары менен барып, ал жактан кеч чыгышканын билдирди. Анын айтымында, жолдошу Акрам кызганчаак болгондуктан такси кызматкери менен урушуп кетпесин деген ойдо үйүнө жетпей түшүп калган. Ошол учурда жолдошу унаасы менен белгисиз тараптан келип, ага ачууланып, кыйкырып, тилдеп баштаган. Жолдошу унаасында отурган жеринен анын колунан кармап алып 3-4 метр жерге унаасы менен сүйрөп кеткен. Жанара жерге жатып калган. Жабырлануучу учурда жолдошуна доосу жок экенин айтты.

Жыйынтыгында Ош шаардык соту Акрам жубайы менен өз ара элдешип алганына байланыштуу аны кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, жазык иши өндүрүштөн кыскартылды.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости