www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда киши колдуу каза болгон Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун жасап бергенге шектелген паспорттук бюронун кызматкери акталды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү, 330-беренесинин 1-бөлүгү жана 359-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү менен айыпталуучу А.А.К. жөнүндөгү жазык ишин Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту карап, 2019-жылдын 22-ноябрындагы токтому менен 62-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу А.А.К. жазык жоопкерчилигинен бошотулуп, жазык иш өндүрүштөн кыскартылган.
Ал эми өз учурунда Жалал-Абад облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 31-декабрындагы аныктамасы менен биринчи инстанция сотунун А.А.К. жөнүндөгү токтому өзгөртүүсүз калтырылган.
“Жалал-Абад облустук прокуратурасынын бөлүмдүн улук прокурору Жогорку Сотко биринчи жана апелляциялык инстанция сотторунун соттук актыларын жокко чыгарып, А.А.К.га карата угузулган айып боюнча жаза белгилөөнү сураган. Жогорку Сот аталган ишти карап, биринчи жана апелляциялык инстанция сотторунун соттук актыларын күчүндө калтырган. Андыктан, Жогорку Сот айыпталуучу А.А.К.ны актады деген маалыматы чындыкка дал келбейт", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg