www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ишин кайрадан баштай турган экономиканын объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү. Бул багытта жергиликтүү бийлик, Саламаттык сактоо министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция менен өз ара тыгыз иш алып барышы зарыл. Ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагылат», — деп президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин  жыйынында баса белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр — Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Боронов өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүн этап-этабы менен жандандыруу жөнүндө сунуш киргизди.

Белгиленгендей, өзгөчө абалдын шартында экономикалык субъекттердин ишин жандандыруу планында объекттердин конкреттүү тизмеси, алардын кызматкерлеринин саны, иш убактысы жана кызматкерлерди жумуш орундарына жеткирүү ыкмасы так, даана көрсөтүлүшү керек.

Ошону менен катар айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз калат.

«Мисалы, маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат.  Жогорку окуу жайлар, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирүүгө/чыгууга санитардык-карантиндик блокпосттор өзүнүн ишин улантат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы. Муну менен биргеликте, экономикалык чөйрөнүн иши кайра жанданганына байланыштуу блокпосттордун саны кыскартылат.

Ошондой эле өлкө аймагына чет элдик жарандардын киришине тыюу салуу күчүндө калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости