www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үй карантинин бузган 6 жаран административдик жоопкерчиликке тартылышат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуулар үчүн 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин айыппул каралган. 

Мындан тышкары штабдын жыйынында белгилегендей, атайын мобилдик тиркеме аркылуу дагы 151 адамдын үй карантини режимин бузгандыгы аныкталган. Алар боюнча тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандардын үй карантинин сактоолоруна көзөмөлдү күчөтүүнүн маанилүү экендигин баса көрсөттү. 

Жыйында COVID-19 дартынын жайылуусуна каршы күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр маселеси талкууланды. Саламаттык сактоо министрлигине апрель айы үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү тапшырылды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости