www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каалгый басып, кайкалай тартып, кара папкемди көтөрүп алып, офисиме кирсем, эки кызматкерим шахмат ойноп жаткан экен, буйдалбай эле өзүмдүн кабинетиме кирип кеттим.

Апал адатынча сканвордду чечип, түйшөлүп отуруптур "эрмеги ошо эмеспи" деп жайына койдум. Күнүгө кечигип келүүчү Керимбек көрүнбөйт, түгөнгүрдүн түгөнбөс түйшүктүү иштери бар эле ошолордун бирин бүтүрүп жүргөндүр деп ойлодум. Өзүм аркы-терки кайсалактап, кагаздарымды ары сапырып, бери сапырып эрмектенге эчтеке жоктугуна көзүм жетип, "андан көрөкчө мончого түшүп алайын" деп, кызматчылрыма ар кайсы шылтоону айтып, акырын жылт койдум. Мончого кирсем, менин Керимбек береним ушул жерде ой-да-а рахатка батырып отурат.

Мен башка бурчка барып, башымды көбүктөнтүп жуунуп кирдим. Бир маалда башкы адисибиз балпая басып түз эле мени көздөй келатат, бир колунда самын, бир колунда чылапчын, эмне кылаарымды билбей чылапчындагы суунун ысыктыгына карабай башыман ылдый куюп жиберип, буулануучу жерге кире кирип кеттим.

Ал жерден башынан көп чыдап тура алчу эмес элем, демим кысылып, чыдай албай чыга качтым. Кесиптештериме кептелип калбайын , кой ушунчамда кете берейин деп ойлоп, босогону көздөй бассам дардайып жылаңач гендиректорум отурат.

- Аа, саламатсызбы Салкынбек Сатарович... ии деп - менин оозуман келмем түшүп, эмне айтарымды билбей апкаарып калдым. Кантсе да чоң шеф эмеспи, жагдайды колго алып:

- Жүр! Менин далымды жышып кой ! -деп так кесе буйрук берип.

- Албетте, аксакал артыңызды жышып, самындап жууп берейин,-деп жумуштан качкан жоругумду ушуну менен жууп кетсин дегенсип жоштуланам.

"Баракелде! Бүгүн биздин инсттут үчүн мончонун күнү го. Бухгалтерия, плановый отделдин кызматкерлери жалаң аялдар эле алар женский жагына кирип кетишкенби? Ушундан көрө инститтунун ичине мончо, сауна салып, биллиард, шахмат, шашки, карта, тогуз коргоол оюндарын орнотуп, мелдеш уюштуруп, байге сайып койсо, прибыль түшүп турбайт беле! Ошону мобу мүдүр ойлонсо боло! Мүдүр эмес эле дүмүр !"- деп ичимен сызып, гендиректордун арты агаргыча, далысы кызаргыча жышыйм.

- Ох ! -дейт мүдүрүм бука мойнун араң буруп,- азыр каңылжарды жарган, буркураган бир бидон бозо болсо!

- Институттун кызыл үйү кызарып, көптөн бери аңгырап бош турат, ошону ондоп, бозо-кана жасабайлыбы ?- деп жалтайлап араң айттым.

- Во ! Азаматсың, туура идея айттың. Жакында дагы жаңы штаттар ачылат. Андан сырткары кичи ишкана деп ашлямфуга Айнашты, бозого Сайрашты коюп койсок, ишибиз илгерлеп, тегеректеги теңтуштар, колондоп бош жүргөн кошуналар кирип-чыгып, додолонгон доход түшүп турат да! Бали! Бали!

Ошондон тартып Сайраш бозо, Айнаш ашлямфу, Шаршен шашлык, Сейдимгүл семичке сатып, бирөөбүз "Ош"-базарына, бирөөбүз "Дордой" базарына чуркап, илим-изилдөө инститтутубуз ити чөп жеп соода-сатык институтуна айланды да калды!

Мурда бекерчиликген бел чечкенден эрикчү элек, азыр тулаетке барганга убакыт жок, безилдеп, белсенип иштеп калдык. Заманаң кой болсо кой, бөрү болсо бөрү бол деген ушу экен урматтуу туугандар!

Булак: Факты.kg

Последние новости