www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада 3 кишиден коронавирус аныкталган соң, вирус башка элдерге жайылып кетпеши үчүн  17-марттан тарта метролор, аба жолдор, темир жолдор жана жүргүнчү ташыган автобустар убактылуу ишин токтотот. Бул тууралуу украин басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда мындай чечимди аталган өлкөнүн өкмөтү коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу максатында кабыл алды. Киев, Днепр жана Харьков шаарларында метрополитен убактылуу жабылат.

Ал эми 19-марттан баштап бардык маданий, оюн-зоок, спорттук, диний, жарнамалык жана башка иш-чараларды токтотулат. Ошондой эле коомдук тамактануучу жайлар, оюн-зоок борборлору, маданий мекемелер, фитнес борборлор да ишмердүүлүгүн убактылуу токтотууга тийиш.

Шаар ичиндеги автоунааларга ондон ашуун жүргүнчү салууга тыюу салынса, азык-түлүк, отун-көмүр, гигиеналык каражаттар, дары-дармек сатууга гана уруксат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости