www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-майда АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 249 турниринде америкалык Жастин Гейтжи жердеши Тони Фергюсонду техникалык нокаут менен жеңип алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат булактар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Жастин Гейтжинин олуттуу соккуларына Фергюсон туруштук бере алган жок. Беттештин бешинчи бөлүгүндө Фергюсондун абалы оор болгондуктан, калыс мөөнөтүнөн мурда беттешти токтотту. Жастин Гейтжи UFC уюмунун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону аталды.

Жастин Гейтжиге убактылуу кур тагылганда ал аны чечип салды. Алып баруучу Жо Роган андан бул иш-аракеттердин эмнеге байланыштуу экендигин сураганда, америкалык мушкер толук кандуу UFC чемпиону болууну күтүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

UFC уюмунун президенти буга чейин бул беттештин жеңүүчүсү орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен беттешерин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости