www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук коопсуздукту сактоодо Нарын облусунда колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББы басма-сөз кызматы билдирди.

Жол кыймылынын жана коомдук коопсуздугун камсыздоо максатында КР ИИМдин ЖКККББы кызматкерлеринен кошумча мобильдик топтор түзүлдү.

Нарын облусунун, Нарын шаарында жергиликтүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери көмөк көрсөтүшүүдө.

Жол кыймылын жана коомдук коопсуздукту сактоо максатында кошумча күчтүн облустук ички иштер органдарынын кызматкерлерине убактылуу көмөк көрсөтүүсү COVID-19 илдетин болтурбоо жана тарап кетүүсүн алдын алуу максатында, айрым ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй каратинтине алынышынын жана курамдын иш алып барышына кошумча күч катары тартылууда.

Мобилдик топтор Нарын шаарында эл көп топтолгон аймактарды кыдырып, кызматтык унааларда орнотулган атайын үн чыгаруучу жабдыктар менен, жеринде санитардык нормаларды сактоо, жөнү жок унаа башкарып жолго чыкпоо, илдетти алын алуу боюнча кам көрүү тууралу түшүндүрүү иштери жүргүзүшүүдө. Ошондой эле түшүндүрүү иштери, жүргүнчү ташуу менен алектенген менчик автоунаалар токтогон жайларда, айдоочулар арасында уюштурулуп өткөрүшөт.

Кошумча күчтөгү кызматкерлер жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын медициналык –санитардык бөлүгүнүн көзөмөлүндө болушуат.

Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүнүн имараты атайын кызматтар тарабынан дизинфекциалоо иш-чараларын баймабай жүргүзүшүүдө.

Учурдагы кызматтык кыйынчылыктар Нарын облустук ЖККК бөлүмүнүн жана КР ИИМдин ЖККК башкы башкармалыгынан  барган кесиптештердин арасында убактылуу бөлүштүрүлдү. Бүгүнкү күндөн баштап жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыздоо иштерин Нарын шаарынын аймагында Нарын ОИИБы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн эки тобу жана КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан барган алты мобильдик топко бөлүштүрүлдү.

Нарын шаарында кырдаал туруктуу жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

Булак: NazarNews.org

Последние новости