www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвада мончодогу кыргызстандыктарды кармоо боюнча маалымат жарыялады.

Министрлик билдиргендей, 24 кишинин 20сы бошотулуп, төртөө Россиядан чыгарылат.

«Министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында эле Москвадагы полиция бөлүмдөрүндө жана убактылуу кармоо борборлорунда 135 жарандын кызыкчылыгын коргоп, 9 соттук процесске катышкан»,- деп айтылат расмий маалыматта.

Социалдык тармактарда күч органдары эркек кишилерди жөрмөлөткөн видео тараган.

Тарап жаткан маалыматка ылайык, бул окуя 10-апрелде Москвада болгон. Полиция Кыргызстанда туулгандар жана учурдагы Кыргызстандын жарандары эс алып жаткан мончого рейд жүргүзгөн.

КР Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, кыргызстандыктар Москванын Тимирязев району боюнча полиция бөлүмүнө жеткирилип, алардын документтери жана Россияда мыйзамдуу жүргөнү текшерилген.

 

Последние новости