www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва облусунун Одинцово шаар округундагы Горки-2 кыштагындагы Успенский орто мектебинде болгон кол салуунун натыйжасында 10 жаштагы 4-класстын окуучусу каза болгон.
Окуя 16-декабрда эртең менен катталган. 15 жаштагы 9-класстын окуучусу мектепке бычак менен кирип, коопсуздук кызматкерине жана окуучуга кол салган. Бала алган жаракатынан улам көз жумуп, күзөтчү жаракат алган.
Россиянын Тергөө комитети адам өлтүрүү жана эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери боюнча кылмыш ишин козголгон. Кармалган өспүрүм күнөөсүн мойнуна алган.
Маркум окуучу Тажикстандын жараны болгондуктан, анын сөөгү мекенине жөнөтүлүп, жерге берилди. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны айыптап, үй-бүлөсүнө көңүл айтты.