www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарында дагы бир шайлоо тилкеси ачылды

Россиянын Москва шаарында Кыргызстандын дагы бир шайлоо тилкеси ачылды. Бул парламенттик шайлоого карата даярдалган үчүнчү тилке болгонун БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, жаңы №9052 шайлоо участогу Москва шаарынын Большая Ордынка көчөсүнүн №64 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын элчилигинин аймагында жайгашкан.

«Биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин 4 кеңсеси — Иркутск, Сургут, Түштүк-Сахалинск жана Якутск шаарларында ачылат жана ал жактарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо участкалары иштейт. Чет өлкөлөрдө дагы эки шайлоо участкаларын ачуу (Рим жана Париж шаарларында) иштери макулдашылып жатат. Биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматтарда каттоодо турган жарандар автоматтык түрдө тиешелүү шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилет», - деп айтылат БШКнын маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости