www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Араван районунда коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн Араван РИИБнин башчысы Сактан Исмаилов кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Маалыматка караганда, бир катар кызматкерлер да тартип жазасына тартылышты. 20-сентябрда Араван районунун Араван айылында үгүт иштеринин алкагында чогулгандар арасында уруш чыгып, аягы жаңжалга айланып кеткен.

Белгилей кетсек, бул факт Жазык Кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш башталды.

ИИМ тергөө акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөрүн, күнөөлүүлөр жазага тартыларын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости