www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын борбору Москва шаарында коронавирус инфекциясынын күн сайын өсүшү минималдуу деңгээлге жетти жана мындан ары төмөндөбөйт. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин "Россия 24" телеканалына берген маегинде билдирди.

Ал өзүнүн божомолун шаарда күнүнө миллиондогон адамдардын кыймылы жана жүз миңдеген адамдар шаарга башка аймактардан келип жаткандыгы менен түшүндүргөн.

"Албетте нөлгө же бир аз минималдуу көрсөткүчкө жетебиз деген үмүтүбүздү баалашыбыз керек. Бирок жакынкы убактарда буга чейинки айдагыдай эле көрүнүш улантылат. Башкача айтканда Москвада күнүнө 650-700 адамдан коронавирус аныкталып турат. Ортодо 50дөй адамдан айырмачылыктар болуп турушу мүмкүн", - деген Собянин.

Москва шаарында жалпы 240 миң 664 адамдан коронавирус аныкталды. 4 миң 446 адам каза болсо, 177 миң 908 бейтап айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости