www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 662 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Коронавирус менен катталган бейтаптар:

- Бишкек шаарында 6 адам;

- Ош шаарында 23 адам;

- Чүй облусунда 9 адам;

- Ош облусунда 25 адам;

- Ысык-Көл облусунда 2 адам;

- Жалал-Абад облусунда 49 адам;

- Баткен облусунда 28 адам;

- Талас облусунда 4 адам.

Пневмония менен катталган бейтаптар:

- Бишкек шаарында 215 адам;

- Ош шаарында 29 адам;

- Чүй облусунда 33 адам;

- Ош облусунда 56 адам;

- Нарын облусунда 13 адам;

- Ысык-Көл облусунда 80 адам;

- Жалал-Абад облусунда 53 адам;

- Баткен облусунда 19 адам;

- Талас облусунда 18 адам.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 35 миң 805 бейтап катталды.

Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде COVID-19 оорусунан 1052 адам айыккандан кийин ооруканадан чыгарылды.

Жаңы айыккандар:

- Бишкек шаарында 393 адам;

- Ош шаарында 136;

- Чүй облусунда 87;

- Ош облусунда 84;

- Талас облусунда 63;

- Нарын облусунда 33;

- Ысык-Көл облусунда 75;

- Жалал-Абад облусунда 103;

- Баткен облусунда 78 адам айыкты.

Муну менен Кыргызстанда COVID-19 вирусунан жалпы 25 миң 526 адам айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости