www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө акча каражатын опузалап талап калгандыгы үчүн шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен маалымдашты.

27-июль күнү Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын башкармалыгына Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 57 жаштагы К.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында ага белгисиз адам компромат маалыматтарды ачыкка чыгарбаш үчүн андан 200 миӊ сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген. 

Аталган факты жазык кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) менен Ысык-Көл облусу боюнча УКМКБнын КЖБРне катталып, жазык-процесстик кодексинин 153-беренесинин (Тергөөнүн караштуулугу) негизинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн материалдар Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштердин натыйжасында акча каражаттарын опузалап жаткан шектүү адамдын өздүгү аныкталып, ал 49 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Б.А. болуп чыкты.

30-июль күнү Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы жана уюшкан кылмыштуулуккка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү Б.А. кармалып, анын автоунаасынын ичинен жактоочунун катышуусунда далил зат катары 150 миӊ сом өлчөмүндө акча каражаты табылып алынды.

Кармалган адамдын баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин УКЖга 48 саатка киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү адамдын компромат материалдардын далилдери да текшерилмекчи.    

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости