www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын борбору Москва шаарында жакын арада коронавирус инфекциясынын жайылуусу токтобойт. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин "Россия 24" телеканалында түз эфирде билдирди.

"Албетте, шаарда бул илдет менен ооруп жаткандар аябай көп. Скринингдик изилдөөлөргө ылайык, 300 миңге жакын адам коронавирус менен ооруп жатат. Бул пандемия узак убакытка созулчудай. Азыр биз эпидемияны жеңүү үчүн бир топ убакыт талап кылынат деп ойлойбуз", - деп билдирген шаар мэри.

Азыркы учурда Москва шаарында учурда 92 миң 676 адамдан инфекция тастыкталган. 

Эске салсак, Москвада 12-майдан баштап өнөр жай ишканалары жана курулуш тармагы ишин улантат. Ошол эле учурда коомдук транспортто жүрүү үчүн медициналык бет кап жана кол кап кийүү керек. В. Путиндин буйругуна ылайык, апрель айында кызматкерлер жумушка чыгышпаса да айлык маяналары төлөнүп берилээри айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости