www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жакынкы эки-үч жумада Москвада коронавирустун жогорку деңгээли байкалат”,-деп билдирди мэрдин социалдык өнүгүү боюнча орун басары Анастасия Ракова.

«Келерки жумалар оор болот», - деп кошумчалады ал.

Ракова шаардын саламаттыкты сактоо тутумуна оор милдет жүктөлгөнүн белгилеп, бул иш үчүн борбор калаанын дарыгерлерине ыраазычылык билдирди.

“Күнүмдүк эрдиктериңиздерди москвалыктар көрүп, өз ден-соолугуна жана башкалардын коопсуздугуна көбүрөөк жоопкерчилик менен мамиле кылат жана жакында Москва адаттагыдай жашоо ыргагына кайтып келет. Бүгүн биз башыбызга түшкөн кыйынчылыкты жеңе алабыз. Биз биргелешип коронавирусту жеңүү үчүн бардыгын жасайбыз! ", - деди вице-мэр дарыгерлерге айткан кайрылуусунда.

Ошол эле учурда, ал күрөштүн натыйжалары дарыгерлерден гана эмес, бийликтин башкаруучулук чечимдеринен жана өзүн-өзү изоляция режимин сактоодо жарандардын аң-сезиминен да көз каранды экендигин белгиледи.

Эске сала кетсек, Россияда илдетти жуктургандардын саны 27,9 миңге жетип, анын ичинен 232 киши каза болгон. Ал эми сакайып кеткендердин саны-3448.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости