www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустун пандемиясынан кийин киргизиле турган карантиндик планды ачыкка чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
План үч этаптан турат. Америка лидери бул стратегия улгайган жарандарды жана аярлуу топторду коргоп, аскердик жана башка топторго өз жумушун аткарууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенет.
План конкреттүү шарттарды, анын ичинде оорууну текшерүүнү жана ооруканалардын иштөө режимин камтылган. Алардын бардыгы план аткарылганга чейин сакталышы керек.
Инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында киргизилген гигиеналык талаптар да сакталат.
Трамп даярдалган план айрым окумуштуулар айткандай, 2020-жылдын күз айларында мүмкүн болгон коронавирустун жаңы толкунун эске алат деп белгиледи.
АКШ бийлиги коронавируска байланыштуу коюлган санитардык чектөөлөрдү акырындык менен алып салууну көздөп жатат.
Булак: NazarNews.kg