www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 16-апрелинен 17-апрелге караган бир сутка ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 29 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 5 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Ал эми оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Бул тууралуу Жалал Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 1421 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан - 4 атуул, ал эми Сузак районунан – 1 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 73 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 86 автоунаа айып аянтчасына коюлган.
Ага кошумча комендант Жеңиш Жоробеков коомчулукка төмөнкүчө Кайрылуу жасады:
"Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип үйдөн чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактап өзүңүздөрдүн ден соолугуңуздарга кам көрүүгө чакырамын", - деди Жеңиш Жоробеков.
Ошондой эле, социалдык маселе боюнча 1227 ТҮНДҮК түз байланыш номери жана “пропуск” үчүн 3722.tunduk.kg электрондук дареги боюнча анкета толтуруп кайрылса болот.
Булак: NazarNews.kg