www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Мукар мырза, карантиндин мөөнөтү узартылганын дарыгерлер туура дешкени менен жумуш токтоп, элде тамак-аш тартыштыгы башталды дегендер да бар. Бийликтегилер да карантиндин талаптарын жумшартууга ниет кыла баштады. Бул аракеттер коронавирус менен күрөшүүгө ошол эле мезгилде экономиканы жогорулатууга салым кошо алабы?

--Менимче карантинди узартуу үчүн чыккан чечим туура эле болду. Бир гана кемчилдиги, "чрезвычайное положение деп" чыгарып, жеңилирээгине өтсө болмок.  Камдаган азык-түлүк түгөнгөн сайын эл кыйнала баштады. Эми бир жумача эрежени катуу сактап, өкмөт кийинки жума экономиканы жандандыруу аракетин көрбөсө болбойт. Ошол эле учурда илдет менен күрөшкөн эрежени да, тартипти да сактоо керек.

-Атайын эсепке түшкөн каражаттарды  комиссия менен бөлүштүрүшү керекпи же ал каражат толугу менен өмүр менен өлүмдүн ортосунда турган дарыгерлерге берилиши керекпи?

-Негизи ачыктык, тактык орун алыш үчүн коомчулукта нааразычылык, күмөн саноо  жаралбас үчүн өкмөткө көз каранды эмес адамдарды да комиссияга киргизип, каражатты туура багытта пайдаланылганын көзөмөлдөш керек. Биринчи кезекте медиктердин  кем-карчтарын жоюп, иш учурунда вирусту жуктуруп алган  медиктерден эч нерсени аябашыбыз  керек. Ошондой эле учурдан пайдаланып, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жүргөн дарыгерлердин статусун жогорулатып, аскерлерге теңеш керек. Бүгүн дарыгерлер мекени үчүн аскерлерден кем эмес кызмат кылышып жатканын баса белгилешибиз керек.

  --Өкмөттүн дарыгерлерге компенсация төлөйбүз дегени дарыгерлерге стимул болот деп үмүт артсак болобу?

--Стимул болсо болоор.  Негизи иш учурунда вирус жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация төлөнүшү керек. Ал турсун дарыгерлер  мындан ары да камкордукка алышы керектигин кырдаал көрсөттү. Медициналык каражаттардын жетишсиздигине карабай чоң эрдик жасап жатышат. Ошон үчүн аларга колубуздан келишинче колдоо көрсөтүшүбүз керек.

--Иш учурунда коронавируска кабылган дарыгерлерге ким жооп бериши керек?

--Дарыгерлердин дартты жугузуп алганына  толугу менен өкмөт жооп бериши керек. Анткени, алардын шалаакалыгынан, учурунда аракет кылбаганынын айынан дарыгерлер ошондой дартка кабылды. Алар тезирээк чара көрүп, керектүү медициналык каражаттар менен дарыгерлерди камсыздаганда мындай абал жаралбайт болчу.

--Кудай буюруп, вирусту жеңсек премьер-министр ишин  улантып иштей береби  же кызматтан кетүүгө аргасыз болобу?

--Бул апаат кимдин ким экенин, кимдин деңгээли кандай экенин анын ичинен Өкмөттүн дараметин ачык айкын  көрсөттү. Кудай буюруп, апааттан аман-эсен чыгып алсак, премьер-министр  эми шайлоого барам деген шылтоо менен өзү иштен кетет деген ойдомун. Анда мындан ары иштей турган мүмкүнчүлүк калган жок. Командасынын баарын алмаштырды. Бирок, ошентсе да иши аксап, чабал болуп, эл күткөндөй жыйынтык бере албай жатат.

--Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов “гумжардам алган адам динге да туура келбейт, тилемчиликке туура келип калат”-дептир. Анын мындай сөзү жардамга муктаждарды ого бетер басынтпайбы?

--Менимче бул мамлекеттик кызматкердин ушундай оор абалда айта турган сөзү эмес. Буга өкмөт тийиштүү баа бериши керек. Элдин кээ бир катмарларынын ушундай жашоого келип калышына так ошого окшогон чиновниктер күнөөлүү. Анысын билбей, кайра жардам сураганды тилемчиге теңегенге болбойт. Эгер сөздү туура эмес айтып алдым, аны башка максатта айткам дегени да  кечиримсиз. Анткени, азыр ансыз да элдин абалы оор. Какаганга муштаган кылбашыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости