www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнүн жарандары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мушташ Москвадагы кафелердин биринде болгон. Жыйынтыгында 6 жаран ооруканага түшүп, 9 жаран тергөө иштерине байланыштуу полиция бөлүмүнө жеткирилген.
«Жаңжал тууралуу маалымат полицияга кечинде келип түшкөн. Айтылган дарекке полиция кызматкерлери барып, жарадар болгон 6 жаранды «Тез жардам» кызматы менен ооруканага жеткиришкен. Ал эми кармалган жарандын ичинен экөө миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылса, жетөө майда бейбаштык боюнча айыпталууда. Учурда тергөө иштери уланып жатат.
Укук коргоо органдарынын айтымында, жаңжалга жалпы 15 адам катышкан. Алар Кыргыз жана Тажикстандын жарандары», - деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg