www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Көп мамлекеттерде инвесторлор талапты аткарбаса, экологияга зыян келтирип, салыкты жашырса, кендерди улутташтырып алышат», - деди бүгүн, 19-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Нарынбек Молдобаев.
- Нарынбек агай, Кумтөр боюнча кыргыз өкмөтүнүн алган багыты туурабы?
- Албетте, алган багытыбыз туура. Биз кумтөрдү сөз кылбай отура берсек, экологиябызга келтирген зыяндан биздин мөңгүлөр жок боло берет. Ошондой эле, «Центерра» алтын иштеткенде пайдаланган уулуу заттарды зыянсыздандырып, келишимде көрсөтүлгөндөй көмүп бериши керек.
Эгер «Центерра» алардын баарын жасабай кетип калса, биз экологиялык катастрофага туш болобуз. Канчалаган км жерлер, суулар, элдер ууланып азап тартабыз. Ошого жеткирбес үчүн буларды экологияны бузба деп тартипке чакырышыбыз керек. Экологияны биз айтпаганда ким айтат. Мындай учурда улутташтырсак да биздики туура болот. Анткени, көп мамлекеттерде инвесторлор талапты аткарбаса, экологияга зыян келтирип, салыкты жашырса, кендерди улутташтырып алышат.
- Мүмкүн «Центерра» эл аралык сотко бердик деген шылтоо менен бийликти өздөрүнүн ыгына көндүрүп алабыз деп жатышкандыр?
- Мүмкүн. Биздин өкмөт деле сүйлөшүүдөн качып жаткан жок го. 45 күндүн ичинде сүйлөшсө сүйлөшөлү деп жатат. Андай иштешүү, тил табышуу максаты болсо, экологияга келтирген зыяндарын калыбына келтирсин. Көрсөтүлгөн сумманы толугу менен төлөсүн. Бул жерде маселени соттошуу эмес, сүйлөшүү жолу менен деле чечсе болот. Соттошсок 10 жылдап деле соттошо беребиз.
- Баса, Кумтөрдү сырттан башкаруу мыйзамын кабыл алдык. Эми сырттан башкаруу мыйзамы менен башкарууну колго алсак болобу?
- Албетте, сырттан башкаруу мыйзамы менен өзүбүз башкарсак болот. Бирок, «Центерранын» негизги кеңсеси Торонтодо жайгашканы чатак болуп жатат. Чынында «Центерранын» офисин баарын болбосо да, Кумтөр боюнча филиалын Бишкекке алып келип, көзөмөлгө алышыбыз керек.
Ошондо гана баары ачык айкын болот. Анткени, мурда кырсык болгон жылдары гана 17 тонна казылчу. Азыр болсо, жылына 17 тонна алтын казылат деп жатышат. Чынында жайчылык мезгилде 17 эмес, 22 тоннадан алчубуз. Ушундай каршы пикирлер жаралбас үчүн «Центерранын» кумтөр боюнча филиалын Бишкекке алып келип, толук көзөмөлгө алышыбыз керек.
Булак: NazarNews.kg