www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстандын кызыкчылыгын жокко чыгарып, «Центерранын» кызыкчылыгын жогору койгон келишим шарт түзгөндөр жоопко тартылышы керек», - деди бүгүн, 19-майда NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Сонунбүбү Кадырова.

- Сонунбүбү эже, Кумтөр боюнча түзүлгөн  парламенттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Сапар Исаковдун мезгилинде түзүлгөн келишимди сындады. Кумтөрдөгү коррупция менен күрөшүүдө «Центеррага» артыкчылык берип, аларга жан тарткан келишимдер да эске алынышы керекпи?

- Албетте, эске алынышы керек. Кыргызстандын кызыкчылыгын жокко чыгарган бир ууч саясатчылар «Центерранын» кызыкчылыгын жогору коюп, экологияга зыян келтирүүгө шарт түзүп беришкени үчүн жоопко тартылышы керек. Ошондой эле, Кумтөрдөгү коррупция менен күрөшүүдө тиешеси бар адамдардын эч бири жоопкерчиликтен кутулуп кетпей турган кылышыбыз зарыл.

Анткени, мамлекетке чыккынчылык кылгандарды  келтирген зыяндарынын азабын эселеп тарттыра турган мезгил келди. Ошондуктан, «жоо жакадан алса, ит этектен» алат болуп, бийликти сындап упай топтойм дегендер акылына келип, бул маселеде биримдиктүү болуп, Кыргызстандын табийгатын талкалагандарга каршы турушубуз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости