www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-июлда Москванын Таганский районунда кыргызстандык мигранттар камакка алынып жатканын укук коргоочу Валентина Чупик маалымдаган.

«Терезеси жок, тар бөлмөгө камакка алышууда. Жетимиштей адамды кармап, көбү 5-10 миң рубль пара берип чыгып жатышат. Азыр ал жакта отуздай адам бар, баары кыргыздар. Алар таңкы алтыдан бери камакта. Тамак-аш, суу берилбейт, даараткана жок. Адамдарга эч нерсе түшүндүрүшкөн жок, котормочу жок, консулдар менен байланыштырышпайт» деп жазган "Фейсбук" социалдык түйүнүндө укук коргоочу Чупик.

Бул боюнча Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова футбол чемпионатынын убагында коопсуздукту камсыз кылуу иштеринин алкагында кезектеги текшерүүдө кармалган 42 кыргызстандыктын миграциялык документтери текшерилген соң көбү бошотулганын билдирди.

- "Жалаң эле кыргыздарды кармап жатат" деген туура эмес, кезектеги текшерүү жүрүп жатат, - деп кошумчалады Байымбетова.

Азыр Москванын Таганский районундагы полиция бөлүмүндө камакта 8 жаран калган. Элчиликтин маалыматына караганда, аларга элчиликтин кызматкерлери укуктук жана юридикалык колдоо көрсөтүүдө деп билдирет Азаттык. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости