www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы ИИМ министри, генерал Молдомуса Конгантиевге карата 2010-жылы козголгон кылмыш иши УКМК тарабынан токтотулгандан кийин экс-президент А. Атамбаевдин маалыматчылары «Бүгүнкү бийлик бакиевчилерди жазадан куткара баштады» деген маалыматтык саясатын жүргүзө баштады. Ырасында эле ошондойбу? Мына ушуну аныктап көрүү өтө деле кыйын эмес. Биринчиден, М. Конгантиевге карата кылмыш иши 2010-жылы эле козголгон.

Андан бери карай 8 жылдан ашуун убакыт өттү. Ошол 2010-жылы М. Конгантиевдин ден-соолугуна байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтотулган. Бирок, анын саламаттыгы калыбына келгенден кийин деле А. Атамбаевдин убагында ал кылмыш иши боюнча эч кандай териштирүү жүргөн эмес. Эмнеге? Себебин ошол убакта эле, тактап айтсак 2011-жылдын 11-ноябрындагы санында «Ачык саясат плюс» гезити жазып чыккан. «Азыр болсо, «карга карганын көзүн чукубайт» болуп, Конгантиевге тиешелүү бир дагы кылмыш ачылбаганы таң калтырбай койбойт.

Көрсө, шайлоо маалында Конгантиев буту үзүлгөнчө Атамбаевдин артынан чуркаптыр. Алмаз мырза муну теледебаттарда мойнуна алган. Ушундан улам суроо жаралат: Атамбаев менен Конгантиевдин ортосунда кандай айырма бар – башка адамдардын каны кимисинин мойнунда? Бийликке элдин каны менен келген Атамбаев жана эл менен эсептешпеген Конгантиев жакындан достошуп, ырахаттанып отурушканы канчалык адепке сыят?», - деп жазылган анда.

Демек, Конгантиев ошондо эле Атамбаевдин тилин таап, жоопкерчиликтен кутулуунун жолун таап койгон. Болбосо дээрлик алты жыл ичинде Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши териштирилет эле го. Андыктан бул маселени биринчи кезекте АШАнын өзүнөн сураш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости