www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп НАТО боюнча өнөктөштөрүн коргонуу үчүн өтө аз гана төлөбөстөн, Түндүк Атлантикалык биримдиктин мүчөлүк акысын берүүнү дагы кечеңдетүүдө деп айыптады. Бул тууралуу Ак үйдүн башчысы 10-июлда Твиттерге жазды.

Анын айтымында, АКШдан “коргоо” күткөн “НАТОнун көптөгөн өлкөлөрү” эки пайыздык эрежени аткармак тургай, төлөмдөрдү берүүнү дагы кечеңдетишүүдө. Ал өнөктөштөрүн биримдик бюджетинин кем жерин толтурууга чакырды.

Түндүк Атлантикалык Альянстын саммити 11-12-июлда Брюсселде өткөнү турат.

Donald J. Trump@realDonaldTrump

Many countries in NATO, which we are expected to defend, are not only short of their current commitment of 2% (which is low), but are also delinquent for many years in payments that have not been made. Will they reimburse the U.S.?

22:01 - 10 июл. 2018 г.

Информация о рекламе в Твиттере и конфиденциальность

Буга чейин Трамп Орусия президенти Владимир Путин европалык саясатчыларга караганда “жөнөкөй маектеш” болушу мүмкүн экенин айткан. Эки өлкө лидерлери 16-июлда Хельсинкиде жолугушат.

Дональд Трамп НАТОнун европалык мүчөлөрүн коргонуу чыгымдарына жетиштүү каражат бөлө албаганы үчүн сындап, мындан улам аскердик альянстын жүгүнүн көбүн АКШнын көтөрүүгө мажбур болуп жатканын бийликке келгенден бери такай белгилеп келет.

НАТОнун алкагында буга чейин аскердик чыгымдардын көлөмүн 2024-жылга чейин ички дүң өнүмдүн эки пайызына жеткирүү маселеси макулдашылган.

Последние новости