www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов Кемин районунда болуп,  жергииликтүү эл менен жолугушуп, эскилиги жеткен социалдык обьектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин депутатынын бул кыдыруусун министрликтердин жана мамлекеттик деӊгээлдеги  мекеме – уюмдардын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү коштоп жүрүштү. Билим берүү, салаиаттыкты сактоо, таза сууга байланышкан көйгөйлүү учурлар  жеринде талкууланды.

Депутаттын жергиликтүү эл менен  жолугушуусу облустун башкы имаратында жана Орловка айылынын маданият үйүндө өтүп,, отурум суроо-жооп иретинде улантылып, жергиликтүү калк өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Анда негизинен жолдордун абалы, таза суунун жетишсиздиги, мектеп, бала бакча жана  турак жай куруу үчүн жер участкаларынын тартыштыгы негизги көйгөй катары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости