www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып «Коммерсант» жана «Ведомости» гезиттеринин мурдагы журналисти Иван Сафронов кармалды. Бул тууралуу "Борбор Азия жаңылыктар кызматы" жазып чыкты.

Сафронов акыркы эки айдан бери «Роскосмос» корпорациясынын башчысы Дмитрий Рогозиндин кеңешчиси кызматында иштеп жүргөн. Ал мамлекеттик корпорациянын жана анын курамына кирген ишканалардын ичиндеги маалыматтык саясатты жолго салуу менен алектенип, айрым атайын программаларды тескеп келген. «Роскосмос» Сафроновдун кармалышынын корпорация ишине тиешеси жок экенин билдирди.

Сафронов басылмаларда иштеп жүргөндө коргонуу өнөр-жай комплексинин, космос өнөр-жайынын ишмердүүлүгүн чагылдырып, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык темаларда макалаларды жазып келген.

The Bell басылмасы кабарлагандай, мамлекеттик жашыруун маалыматтарды же мыйзам менен корголгон башка сырларды жарыялагандыгы үчүн «Коммерсант» басма үйү да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Азырынча журналистке карата козголгон кылмыш иштеринин себептери айтыла элек. Бирок басылма аны май айында Египетке Су-35 учактарын жеткирүү тууралуу «Коммерсант» сайтына жарыяланган макаланын кайра өчүрүлүшүнө байланыштырууда. Ал макала чыккандан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Египет орус учактарын сатып алса, санкциялар салынарын билдирген.

Макаланын авторлорунун бири Иван Сафронов май айында Валентина Матвиенконун Федерациялар Кеңешинен кетиши мүмкүндүгү тууралуу макалага байланыштуу иштен алынган. Экинчи автор Александра Жорджевич саясат бөлүмүндөгү башка кызматкерлер менен чогу Сафроновго тилектештик билдирип жумуштан кеткен. Журналисттер басылманын жетекчилери менен акционерлерин кызматкерлерге басым кылууга жана цензурага айыпташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости