www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт коронавирустун экинчи толкунуна даярданууну баштады

Бүгүн, 7-июлда өткөн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүн экендигин жарыялады.

"Күзүндө экинчи толкун болот деп айтып жатышат жана биз буга даярдануубуз керек. Даярдыкты бүгүнкү күндөн баштадык. Мындай болбойт деп үмүттөнөм. Бирок андай боло турган болсо, биз буга даяр болушубуз керек. Албетте, бардыгы (ишканалар) жабылышы мүмкүн, бирок экономикалык абал дагы оор», - деди премьер-министр.

Эске сала кетсек, 7-июлга карата коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 8141ге жетсе, анын 2916сы сакайып кеткен. Ал эми көз жумган бейтаптардын саны 99ду түздү. Ошону менен катар өлкөбүздө пневмония оорусунан каза болгондордун саны да кескин өсүп кеткен. Март айынан бери пневмониядан каза болгон адамдардын саны 224 адамга жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости