www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 26-майда Москвадагы Арбат көчөсүндө полиция кызматкерлери ыр окуп жаткан 9 жашар баланы кармап кетишкенин окуянын күбөсү Люся Штейн социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, видеосун тиркеген. Видеодо полиция кызматынын унаасында отурган бала кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Ал эми Люся Штейн баланы эмненин негизинде алып кетип жатышканын сураса, ага жооп болбогонун жазган. Бул тууралуу маалыматты Москвадагы жергиликтүү кабарчыбыз Камчыбек Бостон билдирди.

"Ыр окуп жаткан 9 жашар баланы кармап, ыйлаткан бойдон, аны жалгыз алып кетишти. Алар өзүлөрүн тааныштырган жок, эмненин негизинде алып кетип бара жатышканын түшүндүрүшкөн жок. Мени жана баланы тааныган бир кызды түртүп жиберишти. Алардын жүзүн тартууга аракет кылдым, бирок камера фокус алгыча, согуп жиберишти. Видеодо бала кыйкырып жатканы угулат. Унаанын номери бар. Арбаттын ички иштер бөлүмүнө бара жатам. Мындай абалда эмне кылыш керек?", - деген суроо салган күбө.

Орусиянын Ички иштер министрлиги берген маалымат боюнча, бала ыр айтып, ар кайсы унааларга барып, кайыр сурагандыктан, бөлүмгө алынып келинген. Анын атасы Илья Скавронскиге жашы жете элек баласына тарбия берүүдө милдетин аткарбаганы үчүн протокол түзүлгөн. Ал эми энесине "полиция кызматкерине каршылык көрсөткөн" деген айып коюлуп жатканын Эхо Москвы басылмасы жазып чыккан.

"Уулум кайыр сураган эмес, ал Шекспирдин "Гамлет" чыгармасын аткарып жаткан. Ал театрга барат. Өзүнүн комплекстерин жоюу үчүн Арбатта элдин алдына чыгып, ыр аткарып жүрөт. Ошол учурда апасы андан 20-25 метр аралыкта китеп окуп отурган. Полиция кызматкерлери энесинин катышуусуз уулум менен сүйлөшүп, аны унаага сала башташканда, апасы токтотууга аракет кылган", - деген баланын атасы.

Скваронскинин айтымында, полиция кызматкерлери кармоо учурунда орой мамиле жасап, сөгүнүшкөн. Учурда бала да, ата-энеси да, бөлүмдөн коё берилишкени маалым болду. Ал эми социалдык тармактарда бул окуя талкууга алынып, көпчүлүк полиция кызматкерлеринин аракеттерин сындап жатышат.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости