www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Максим Бакиевди күнөөлөп, коррупциялык жана экономикалык кылмыштар боюнча кыргыз бийлиги эл аралык сотко кайрылган. Сотто Максим Бакиевдин күнөөлүү экени боюнча жетиштүү далил келтире албай Кыргыз бийлиги утулуп калып, Максим Бакиевге кайра 26 миллион доллар төлөп бермей болушуптур. 

Алыңарга, арыңарга жараша иш кылбайт белеңер? Колуңардан келбегенден кийин жөн отурсаңар болмок. Эми, мамлекеттин казынасынан Максим Бакиевге 26 миллион доллар төлөп бериши милдеттендирилди. Эл аралык сот дегениң ушундай экен, жакыным эле, тууганым эле де СДПКдан экен дебей бейтарап чечим чыгарып салат тура.  Элдин эле шору, моюнга илинген карыз элге зыян. Андан көрө Максим Бакиевден чөгөлөп кечирим сурасаңар дагы 26 миллион долларды кеч деп айткыла.

Эми, ошо Максим Бакиевге 26 миллион уттуруп жиберген кыргыз өкмөтүнүн башчысы Сооронбай Жээнбеков президенттикке аттанам деп жатат. Сооронбай Шарипович, президент болуп эмне кыласыз? Мынча жүдөмүш, шалаакысыз ия? Сиздин алсыз өкмөтүңүз жок жерден кыргыз элин 26 миллион долларга карыз кылды. Аны сиз төлөбөйсүз да, биз төлөйбүз карапайым эл. Президенттикти коюп, уят болбой кетип эле калыңызчы. - деген пикирин жазды Дариха Ишанова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости