www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында 107-каттамдагы коомдук транспорттун айдоочулары орозо айында элге акысыз кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу аталган каттамдын бригадири Матраим Асанов билдирди. Анын айтымында, эртеңден тарта күнүнө экиден маршрутка кезектешип жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт.
-"Өлкөдө жол кырсыктары көп катталып жатканына байланыштуу орозо айында элден бата алуу максатында ушул демилгени көтөрүп чыктык. Буга айдоочулардын баары макул болуп колдоп беришти. Биздин каттамда жалпы 60 маршрутка бар. Бир күнгө экиден маршрутка бөлсөк орозо айы бүткөнгө чейин жетет экен. 107-каттамдын бир багыты студенттер шаарчасынан аэропортко, экинчи багыты Достук көчөсүнө чейин барат. Аталган каттамдын айдоочулары буга чейин да кайрымдуулук иштерди уюштуруп келген", - деди Асанов.
Ал эми Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башкы адиси Алимжан Чаланов орозо башталгандан тартып бул демилгеге башка каттамдын айдоочулары да кошулары күтүлүп жатканын билдирди.
Булак: Kadam.kg