www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик оппозициясынын Орусияда жашаган өкүлдөрү президент Эмомали Рахмондун Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышуусуна каршылык билдирип, Москванын борборунда пикет өткөрүштү. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

«Группа-24» деп аталган оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Рахмонго каршы ураандарды кыйкырып, көчөдөгү адамдарга кагаздарды таратышты.

Кыймылдын мүчөсү Нуриддин Ризои пикет өткөрүүгө Москванын бийлигинен уруксат алышканын билдирди. «Бирок буга карабастан, укук коргоо кызматкерлери активисттерди кармап, полиция бөлүмүнө алып кетишти. Алар эч кандай мыйзамсыз иштерди жасаган эмес, ошондуктан жакында коё беришет деп үмүттөнүп жатабыз. Орусиянын бийлиги буга чейин бир нече жолу биздин активисттерди кармап, Душанбеге өткөрүп берген. Ошентсе да Европага караганда Орусияда тарапташтарыбыз кыйла көп», — деди ал.

Эмомали Рахмон 24-июнда Москвада өткөн Жеңиш парадына катышты. Бул анын коронавирус пандемиясы башталгандан берки алгачкы чет өлкөлүк сапары болду.

Тажик оппозициясынын өкүлдөрү буга чейин Рахмондун Прагага жана Парижге жасаган сапарлары маалында да нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Алар Тажикстандын бийлигин саясий эркиндикти чектегендиги жана оппоненттерин куугунтуктагандыгы үчүн сындап келишет.

«Группа-24» – 2012-жылы Москвада түзүлгөн коомдук-саясий кыймыл. 2015-жылы январда анын негиздөөчүсү, тажик оппозиционери Умарали Кувватов Стамбул шаарында киши колдуу болгон. 2014-жылы Тажикстандын соту «Группа-24тү» «экстремисттик» деп таап, ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости