www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайтып келди

Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайтып келди

Журналист: ЭЛИЗА ХАМРАЕВА
25.06.2020, 13:53
10203
|

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы 24-июнда, Россия Федерациясынын Москва шаарынан кайтып келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты.

Буга чейин белгилегендей, алардын бардыгы, анын ичинде Мамлекет башчысы дагы анализдери чыкканга чейин 3 күндөй өз алдынча обочолонууда болушат.

Мурда анализдеринде илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынат.

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями