www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгемендүү мамлекеттин башчысы Москвага иш сапары менен барган, президенттик маалымат тараптан Орусия президенти Путин менен сүйлөшүүлөр болуп, бир нече маселе чечилмек. Бирок, чет мамлекетке иш сапары менен барган президент Жеңиш парадына да катышпай келди, буга коронавирус коркунучу барбы? Кантип эле бул жактан президентти ээрчиген адамдар текшерилбесин? Эгемендүү мамлекеттин башчысын Жеңиш парадына кийирбей коюу Путиндин тиешеси жок кантип ишке ашсын деген ойлор туулат.
Парадка Кыргызстандын жоокерлери катышты. Жеңиш парадынын алдында Батукаевдин иши боюнча тергөө иштери аяктап, мурунку президент Атамбаев мүлктөрү конфискациялануу менен узак жылга соттолгон. Батукаевди учурунда Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров “крышовать” этип, ортого түшүп жүргөнү жалган эмес. Ал учурунда ортого кыргызстандык казак олигархы Александр Машкевичти салып Бакиевдик бийлик менен сүйлөшүүнү жүргүзмөк. Бирок, бул бийлик Батукаевдин чыгарылышына макул болгон эмес. Кечээ, эле Батукаевдин чыгарылышы үчүн жан–дили менен чуркап жүргөндөр, бүгүн башка жээкке өтүп алып, Атамбаевди сындап жатышат. Алар 2013-жылы кайда эле? Атамбаевди жерге-сууга тийгизбей мактап жатышкан.
Касым-Жоомарт Токаев, Шавхат Мирзиёев, Эмомал Рахмон, Александр Лукашенко сыяктуу президенттер, Жеңиш парадына татынакай катышты. Кокус, коронавируска чалдыгышса бармак да эместир. Ал эми президенттик аппараттан бул ооруга чалдыкканын таштап кетмек, башка киши табылбай коймок беле? Экс-президент Нурсултан Назарбаев да катышмак, бирок, ал коронавирус жуктуруп алганы белгилүү. Жеңиш парадына эгемендүү мамлекеттин башчысынын Москвага барып катышпай калганынын себеби коронавируска байланыштуубу ачыкка чыгар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg