www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада Тажикстандын өтүнүчү менен 1981-жылы туулган З.Д. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

25-февралда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин кызматкери милиция бөлүмүнө барып, кыргызстандык жаранды кармоо фактысы аныкталган.

Учурда элчилик тарабынан жагдайды тактоо жана тез арада бошотуу боюнча ишчаралар жүргүзүлүүдө. Буга чейин маалымат каражаттары Замирбек Досматовдун кармалышы тууралуу жазып чыгышкан.

Анын бир тууганынын айтымында, ал чек арадагы башаламандыкка катышканы үчүн Тажикстанда издөөгө алынган. Бир тууганы Замирбек ал учурда чек арада эмес, Орусияда болгонун айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости