www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы Орусия армиясынын «атайын операциясы» алдыга коюлган башкы максатка жетмейин улана берет, башкы милдет — Орусияны Батыш тараптын тышкы кооптуулуктарынан сактоо. Бул туурасында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу айткандыгын РИА Новости жазды.

Анын айтымына караганда, согуш - "Донбасстын элин коргоо жана Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо" үчүн жасалып жатат.

"Биз үчүн Орусияны Батыш өлкөлөрүнөн келип жаткан согуш кооптуулуктарынан сактоо маанилүү, алар украин элин биздин өлкөгө каршы коюуга аракет кылып жатат. Орусиянын армиясы Украинанын жерлерин басып алып жаткан жок, жөнөкөй жашоочулардын өмүрүн жана коопсуздугун сактоо үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Соккулар жогорку тактыктагы куралдардын жардамы менен аскердик объектилерге гана урулуп жатат", — деген Шойгу.

24-февралда Орусия Украинаны демилитаризациялоо боюнча «атайын операция» деп аталган согуш баштаган. Орусиянын Коргоо министрлиги жайкын жарандарга эч кандай кооптуулук жаралбастыгын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости